Нурлан Насип: «Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз…»

Ырчы, обончу Нурлан Насип өзүнүн социалдык баракчасына улуу инсан Элмирбек Иманалиевдин жашоо тууралуу жазгандарын, жайгаштырып коомчулуктун сынына кабылды.

«Билермандарыбыз көп: андан көйгөйлөрүбүз азайып калган жок;
Медицина өнүккөн сайын, ден соолугубуз начарлап баратат;
Юмор көп, бирок жылмайган адам аз;
Дааватчылар, молдолор көбөйдү, бирок адепсиздик андан да көбөйүп, ыйман, пейил жок;
Көп уктайбыз, бирок эс албайбыз;
Унааларыбыз тез жүрөт, бирок туугандарга такыр жетпейбиз;
Билимге умтулабыз, бирок баалуулуктарды жоготтук;
Көп сүйлөйбүз, бирок түшүндүрө албайбыз;
Сүйүүнү көп сүйлөйбүз, бирок көп жек көрөбүз;
Туура жолду билебиз, бирок кыйналып жашайбыз;
Өмүргө жылдар кошула берет, бирок ал жылдардын жаны жок, өлук денедей,
агып кете берет; Автор ✍️.. Элмирбек Иманалиев»,-деп пост жазган.

Ырчынын бул билдирүүсүн катталуучуларынын басымдуу бөлүгү жубайы Асел Кадырбекова менен ажырашканына байланыштырышкан.

21 Ноябрь 2023 жыл 10:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча