3 адам каза болду. Аламүдүн дарыясына унаа түшүп кетти

«Тёплые Ключи» эс алуу жайынын аймагында ичинде төрт адамы бар унаа жардан Аламүдүн дарыясына түшүп кеткен.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкендей, кырсык тууралуу маалымат 15-февралда саат 15:30 чамасында түшүп, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган.

Ошол эле күнү саат 15:30 чамасында Бишкек – «Тёплые Ключи» унаа жолунун 15-чакырымында «Хюндай Соната» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып, жардан Аламүдүн дарыясына түшүп кеткени аныкталган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана анын жүргүнчүлөрү — болжолу 20-25 жаштагы эки кыз алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Мындан тышкары, 2000-жылы туулган жүргүнчү Ж.А. ар кандай жаракаттары менен Чүй облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнө жаткырылган.

Учурда каза болгон эки кыздын өздүгү такталууда.

Бул факты боюнча окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүлүүдө.

16 Февраль 2026 жыл 11:58
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча