Президент Садыр Жапаров Кактус медиага жаңы маек курду. Анда соңку окуялар, УКМКнын буга чейинки иш аракеттери, Камчыбек Ташиевдин тагдыры тууралуу кеп козголгон. Жапаров 75 адамдын каты тууралуу башынан эле маалыматы болгонун, окуянын баарын көзөмөлдөп турганын билдирди.
“Мен бир нече булактардан ар кандай маалыматтарды алып жаттым. «75 адамдын каты» деп аталган окуянын айланасындагы окуялар башталганда, менде маалымат бар болчу. Мен бул кайрылуунун Жогорку Кеңешке келип түшүшүн, анын жүрүшүн спикерге жана тиешелүү комитеттердин төрагаларына чейин көзөмөлдөп турдум. Бул мезгилде мен документтин жүрүшү, катышкандардын аракеттери жана ким менен ким жолугушуп жатканы тууралуу жаңылыктарды алдым. Парламенттин жалпы жыйынында маселе көтөрүлө турганда, мен тез жана чечкиндүү чараларды көрдүм. Кырдаал башынан эле көзөмөлдө болчу.”
-деген Жапаров.
Ошондой эле Камчыбек Ташиевдин бул окуяларга катышуусу мүмкүн деген суроого жооп берип жатып, Садыр Жапаров мындай деп баса белгиледи: «Анын катышы бар-жогун тергөө жана сот аныктайт. Учурда тергөө жүрүп жатат. Акыркы чечимди — ким күнөөлүү, ким күнөөлүү эмес — сот кабыл алат»,-деди.