75 адамдын каты парламентке кантип түшкөн?

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнү тууралуу 2-апрелде маалымат берди.

Спикер Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз сүйлөп жатып, төрагалык кызматка киришкенден кийин биринчи эле иш күнүндө бул маселеге байланыштуу териштирүү жүргүзгөнүн айтты. Анын сөзүнө ылайык, кат Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетке түшүп, кароого жиберилгени аныкталган.

“Менин тескемем менен комиссия түзүлүп, кагаз бул жакка (Жогорку Кеңешке) кантип келип, Конституциялык комитетке чейин жеткенин аныктап чыккан. Анын жыйынтыгы ИИМге берилип, тергөө иштеп жатат. Чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан күтүп, тосуп алышкан. Негизи кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тиешелүү комитетке түшкөн”, — деди Маматалиев.

2 Апрель 2026 жыл 10:44
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча