“75чилердин каты”: соттук отурум жабык өтө турган болду

Бүгүн, «75тин каты» боюнча өткөн соттук отурумда мындан аркы териштирүүлөрдү жабык форматта жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Мындай чечим процесс учурунда өздүгү жана көрсөтмөлөрү ачыкталбоого тийиш болгон жашыруун күбөлөрдү суракка алуу пландалып жатканына байланыштуу кабыл алынды.

Бирок айыпталуучулардын бири Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов буга каршы чыгып, процесстин мурдагыдай эле ачык өтүшүн талап кылды. Ал тартипти бузгандыгы үчүн ал сот залынан чыгарылды.

Эске салсак, 11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча козголгон бул иштин материалдарынан жашыруун күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн сырткары купуялуулук грифин алып салган.

22 Июнь 2026 жыл 14:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча