Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 13-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясына мандат алуу тууралуу арыз тапшырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасында кабарлады.
«Бир айдан ашык убакыт өттү. Ошондон тарта БШК мага бир да расмий жооп берген жок. Мен 10-марттан бери Жогорку Кеңештин 8-чакырылышынын депутаттыгына расмий талапкер экеним анык, ага өзгөчө макам бар»,— деп жазган ал.
Белгилей кетсек, №21 округдан шайланган Куванычбек Конгантиевдин мандаты 10-мартта жазган арызынын негизинде алынып, кийин өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалган.
Добуштардын саны боюнча андан кийинки орунда турган Чыңгыз Айдарбековго мандат бериле элек. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин соттуулугу бар-жогуна байланыштуу Ички иштер министрлигинен маалымкат күтүп жатканын кабарлаган.