Мурдагы президент Аскар Акаев «Ысык-Көл форумундагы» талкуу жараткан сунуштары тууралуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу ал Би-Би-Сиге маек курган. Ошондой эле ал анын башкаруусунда үй-бүлөлүк башкаруу болбогонун билдирди.
«Бир мисал келтирип бересизби? Менин жубайым кимди башкарыптыр? Менин жубайым эмне жаман иш жасаган? Менин жубайым фонд түзүп, кыргыздын жаштарын өстүрөйүн, таланттарын өстүрөйүн деп, бала бакчаларды уюштуруп, балдар үйлөрүн уюштурду. Мына Чолпон-Атада тап-татынакай кылып пайдаланып жатышат. Бишкекте балдар кыштагын пайдаланып жатышат. Алар кыргыздын пайдасына иштеп жатат. Ар бир райондо балдарга билим берүү боюнча борбор уюштуруп, балдарга компьютер алып келип, үйрөткөн.
Менин аялым эч кимди башкарга эмес», — деп жооп берген Акаев.