Алагөзов президенттин Ташиев боюнча буга чейинки комментарийине тактоо киргизди

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу мамлекет башчынын буга чейинки комментарийине түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пост жазды.

“Кеп, Камчыбек Ташиевдин атын жамынып алып Жогорку Кеңештин депутаттарынан баштап, коомдук ишмер, интеллингенция өкүлдөрүнө чейин телефон чалышып, “Генерал жакка өткүлө, буга кол койгула, мындай кылалы, тигиндей кылалы” деп ар кимди ар кыл аракеттерге шыкактап, бул аракеттери менен коомчулук ичинде, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайдын жаралышын шарттаган Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев өңдүүлөр жөнүндө сөз болууда”, — деп жазды.

Ал Камчыбек Ташиевдин кызматтан бошотулушу боюнча буга чейинки комментарий бурмаланып же кээ бирөөлөр туура эмес түшүнүп жаткандыктан тактоо киргизилгенин кошумчалады.

10 Февраль 2026 жыл 19:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча