Аскар Акаев Кыргызстандагы «экономикалык кереметин» улантуу үчүн азыркы президент Садыр Жапаровду кыргыз эли дагы колдошу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 19-июнда Ысык-Көл форумунда сүйлөп жатып айтты.
Ал Садыр Жапаровду эл кыйын кырдаалда шайлаганын, бүгүнкү күнү экономика өсүшкө түшкөнүн, социалдык тармактарда да жашоо жакшырганы көрүнүп турганын билдирди. Акаев өлкөдө ири долбоорлор ишке ашырылып жатканын кошумчалап, муну «кыргыз экономикалык керемети» деп атады:
«Кыргыз эли учурдагы президент Садыр Жапаровго «кыргыз экономикалык кереметин» ишке практикалык түрдө ашырууга кошумча мандат берсе, дайым боло келгендей эле, кеменгерлик кылат эле деп эсептейм. Сиздер жакшы билесиздер, «экономикалык керемет» кеминде 8-10 жылды талап кылат», — деди Акаев.
Белгилей кетсек, Кыргызстанды 15 жылдан ашуун башкарган Аскар Акаев бийликтен 2005-жылы март ыңкылабында кулатылган