Баш прокурор Асаналиев УКМКны жетектейт, Шабданбеков кызматтан кетти

Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

48 жаштагы Максат Асаналиев 2024-жылдын июнунан бери Башкы прокуратураны жетектеген.

Ал Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2000-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 2001-жылы Улуттук коопсуздук комитетинде (УКМК) тергөөчү болуудан баштаган жана 2010-жылга чейин улук тергөөчү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп иштеген. 2010-жылы Башкы прокуратурага өткөн да, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү болуп 2018-жылга чейин иштеген.

Асаналиев 2018-2019-жылдары Бишкектеги Биринчи май районунун прокурору, кийин Ош облусунун прокурору болуп иштеген.

Ал эми 55 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков быйыл февралда Камчыбек Ташиевдин ордуна УКМКнын төрагасы болуп дайындалган болчу.

1 Июль 2026 жыл 9:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча