Бишкек менен Сеул боордош шаарлар аталды

Бишкектин мэри Айбек Джунушалиев менен Сеулдун мэри О Се Хун бүгүн эки борбор калаанын ортосунда боордош шаарлар мамилесин түзүү жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуу президент Садыр Жапаровдун Кореяга расмий сапарынын жана «Борбордук Азия — Корея Республикасы» биринчи саммитинин алкагында өттү.

Бул документ муниципалитеттер аралык түз кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга негиз түзөт.

Меморандумдун алкагында тараптар соода-экономикалык байланыштарды, илим, маданият, билим берүү жана шаардык башкаруу тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, тиешелүү түзүмдөрдүн ортосундагы байланыштарды бекемдөөгө, ошондой эле делегациялар менен тажрыйба алмашууга көмөктөшүүгө ниеттенишет.

Тараптар достук байланыштарды мындан ары да бекемдөөгө жана Бишкек менен Сеулдун ортосундагы практикалык жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

16 Сентябрь 2026 жыл 17:24
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча