азакстан Президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Сапардын алкагында мамлекет башчыларынын тар курамдагы сүйлөшүүлөрү өткөрүлөт. Андан соң Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин VII жыйыны өтүп, эки тараптуу кызматташуунун маанилүү маселелери каралат.
Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлуп, эки өлкөнүн ар кыл тармактардагы кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар пландалган.
Бул сапар Кыргызстан менен Казакстандын стратегиялык өнөктөштүгүн чыңдоого, эки элдин ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара ишенимди бекемдөөгө чоң салым кошот.