БШК Атазовду Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты. Себеби

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы 28-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу №6 шайлоо округу боюнча өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Атазов Шайлообек Карыбековичти каттоодон баш тартуу чечимин кабыл алды.

Ш.Атазов №6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке талапкер кылып өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде шайлоого катышуу ниети жөнүндө арызды 2025-жылдын 17-октябрында КР БШКга тапшырган.

Талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ

Атазов Шайлообек Карыбековичтин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

Кыргыз республикасынын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2025-жылдын 23-октябрдагы маалымкатына ылайык, Ш. Атазов уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо 2024-жылдан бүгүнкү күнгө чейин тургандыгы аныкталды.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын 2025-жылдын 22-октябрындагы тиешелүү маалымкатына ылайык, Ш.Атазов “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүнүн талаптарына ылайык келбей тургандыгы аныкталды. Тагыраак айтканда, Ш.Атазов 2024-жылдын

13-мартынан 29-ноябрына чейин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн (260 күн).

2025-жылдын 28-октябрында болуп өткөн Жумушчу топтун отурумунда Ш.Атазовдун жана КР Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери катышып, алар угулду.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын 61-беренесинин 11-бөлүгүнө ылайык, эгерде адам уюшкан кылмыштуу топко, кылмыштуу коомдоштукка (кылмыштуу уюмга), куралдуу топко (бандага) тиешеси бар адам катары алдын алуучу, ыкчам-алдын алуучу каттоодо турса же болгон болсо талапкерди каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

Жумушчу топтун 2025-жылдын 28-октябрындагы № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Атазов Шайлообек Карыбековичти Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартуу жөнүндө корутундусунун негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 59-беренесинин 4-бөлүгүн, 61-беренесинин 11-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” конституциялык мыйзамдын 3, 4, 8-беренелерине ылайык, КР БШКсы Атазов Шайлообек Карыбековичти № 6 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттоодон баш тартты.

29 Октябрь 2025 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча