БШК дагы бир талапкердин каттоосун жокко чыгарды. Ал ким?

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына дагы бир талапкерди каттоону жокко чыгарды.

БШКнын маалыматына ылайык, №17 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бахтияр Таласович Бообековдун талапкерлигин алып салуу өтүнүчүн карап чыгып, анын каттоосун жокко чыгарды.

Белгиленгендей, Бообеков өзүнүн талапкерлигин алып салуу өтүнүчүн БШКга 2025-жылдын 15-ноябрында берген.

17 Ноябрь 2025 жыл 9:56
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча