Делегат рак оорулары боюнча Нарын облусу алдыңкы орунга чыгып жатканын коңгуроо какты

Элдик курултайда Нарын шаарынан барган делегат Эркин Асаналиев коомчулукту кайдыгер калтырбаган бир катар олуттуу маселелерди көтөрүп чыкты.

Алгач ал туризм үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон алтын тамыр жана дарылык касиети бар чөптөрдү мыйзамсыз казууга каршы чараларды күчөтүү зарылдыгын белгилеп, бул багытта административдик Кодекске өзгөртүүлөрдү киргизип, айып пулдардын көлөмүн көбөйтүү керектигин айтты.

Ошондой эле ал 2025-жылы рак оорулары боюнча Нарын облусу алдыңкы орунга чыгып жатканын коңгуроо кылып, бул көйгөйдү чечүү үчүн ыкчам жана системалуу чаралар көрүлүшү зарыл экенин сунуштады.

Мындан тышкары, Нарын облусунан пенсияга чыгып, жашоо шартына байланыштуу башка аймактарга көчүп кеткен аскер кызматкерлерине тоолуу аймак үчүн каралган жеңилдиктер кыскарып жатканын кошумчалап, бул маселе өзүнчө көңүл бурууну талап кыларын белгиледи.

Мындан тышкары карыларга кам көрүү маселеси көтөрүлүп, көптөгөн карыялар небере багуу менен алек болуп жатканын, алардын эс алуусу жана социалдык коргоого муктаж экенин баса белгилеп, карылар үчүн ыңгайлуу, туруктуу социалдык шарттарды түзүү зарылдыгын көтөрдү.

26 Декабрь 2025 жыл 10:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча