ДЕПУТАТ МЕДЕР АЛИЕВ ЖЕКЕ ИШКЕР ИЛИМ КАРЫПБЕКОВДУ “ПОДХАЛИМ” ДЕДИ

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев өзүнүн  Facebook баракчасына жеке ишкер Илим Карыпбековду сындап, билдирүү таратты.

Депутаттын билдирүүсү:

“Ушундай подхалим, кескелең, жубарымек десе ишенчү эмесмин.

Мындан бир жыл мурун Турцияда катуу жер титирөө болуп, үйлөр кулап миңдеген адамдар өлгөндө Жогорку Кенештен маселе көтөрдүм эле. Бизде да «этажка-элитный» үйлөр Бишкекте жамгырдан кийинки козу карындай салынып жатат, алардын сапаты кандай? Кудай сактасын эртең бизде да жер титирөө болсо кандай болот? деп. Ошондон кийин бул бала мага жабышты да калды. Улам-улам видеосун чыгарат “бул популист, жөн эле сүйлөй берет” деп. Көрсө бул шумпайдын стройкомпаниялар менен иштешкен жеке кызыкчылыктары бар экен. Аларды реклама кылып, “доляда” болуп жан баккан бир бечара.

Сага элдин ден-соолугунан, коопсуздугунан өзүңдүн оокатың жогору турса, биз андай пулга-малга-дүнүйөгө сатылган жугунду кор эмеспиз. Мен сага криминал, же коррупцияга аралашкан депутаттардын бири эмесмин, коркуп, алаңдап кой эми унчукпай эле коеюнчу, бир былыгымды казып чыкпасын деген. Илим, сени жеткен кошоматчы, начар бала экениңди адамдар жакшы эле билишет. Ар кайсы тешиктен чыккан кандек иттей эле ар кимге асылганыңды токтотсоң боло. Ууруларга, коррупционерлерге асыл, мага асылба.”

16 Июнь 2025 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча