Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кызматтан кетерин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде өтүп жаткан «Салижан Жигитов жана адабият» симпозиумунда айтты.
Байсалов өлкө тарыхында эң көп жыл иштеген Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басар болгонун белгиледи.
«35 жылда 4,5 жыл вице-президент болуп иштеген жетекчи болбоптур. Мен да (ред.: кызматтан кетүүнү) сурандым. Түштөн кийин кызматтан кеткендигим боюнча жаңылык чыгат»,- деди Байсалов.