Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев эл өкүлү Эрулан Көкүловдун 10 мүнөттүк убакыт сурап, жеке кызыкчылыгы жана жеке иши боюнча маселени парламенттин трибунасында көтөргөнүнө сын айтты. Түмөнбаев мындай маселе боюнча социалдык тармактарда түз эфирлерге чыгып кайрылуу жасашы керектигин белгиледи.
«Эрулан мырза трибунага чыгып алып, өзүнүн жеке маселесин 10-15 мүнөт сүйлөп, депутаттардын убактысын алып жатат. Өзүнүн жеке маселелерин социлдык тармактардагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып алып айтсын да. Бул жерге чыкканда мамлекет үчүн мыйзам жазып жатам деп кайрылса, анда макул дейт элек. Эми бул жерге туруп алып, «мен милиция кызматкери менен уруштум, мен журналист менен уруштум» деп отурат. Урушса, анын өзүнүн жеке иши.
Өзүнүн округунун көйгөйлөрү толтура да, алар жөнүндө эч нерсе айтпайт эле, анан жеке маселелерин айтып жатат. Эми, ушул жерде Эрулан мырзаны эле угуп отура беребизби? Анын жеке чатактарынын бизге кереги да жок. Трибунада эки колун чөнтөккө салып турат.
Шайланып келген округдагы мектеп, бала бакча, жол, суу маселесин көтөрбөй, жеке маселесин айтканын угуп отура беребизби? Жеке кызыкчылыктын бизге кереги жок”,- деди эл өкүлү.