Кадамжай району аркылуу өткөн Ош — Баткен — Раззаков жолундагы жол кырсыгынан 4 адам каза болду.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-февраль күнү, саат 11:40 чамасында болгон. Анда оор жүк ташуучу унааны башкарып бараткан 30 жаштагы жаран каршы тилкеге чыгып, 28 жаштагы жаран башкарып бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү жеңил унаа менен кагылышкан.
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаадагы төрт адам каза болуп, үч жаран Кадамжай шаардык ооруканасына жеткирилген. Жергиликтүү басылмалар каза болгон жарандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү экенин жазышты.
Учурда тергөө иштери уланууда.