Кумар оюндары тууралуу мыйзам долбоору үчүнчү окуудан өттү

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңеш «Кумар оюндары тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү» жөнүндө мыйзам долбоорун 3-окуудан карап, кабыл алды.

Эске салсак, казино ишмердигине 2012-жылы 1-январда салынган тыюу 2022-жылы алынган. Кумарканага уруксат берген мыйзамга президент Садыр Жапаров ошол жылы 30-июнда кол койгон. Парламентте мыйзам талаш-тартыш менен кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, кыргыз жарандары жана 21 жашка чейинки чет элдик жарандар казиного киргизилбейт. Өкмөт кумар оюндарынан казынага 2 миллиард сомго жакын акча түшөрүн билдирген.

25 Январь 2024 жыл 15:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча