![](https://bia.kg/wp-content/uploads/2024/12/08375f8b-6b62-49e1-b856-fb65b96a5af9.jpeg)
Кундус Кырбашева 2024-жылдын июнь айынан тартып Министрлер Кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фондун” жетектеп келе жатат. Кыска убакыттын ичинде ал өзүнүн күчтүү лидерлик сапаттарын көрсөтүп, Фонддун ишмердүүлүгүн жаңы деңгээлге чыгарды. Анын жетекчилигинин натыйжасында Фонд жашыл энергетика тармагында конкреттүү жана ийгиликтүү кадамдарга жетишип, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүдө.
Анын лидерлик стили өзгөрүүгө багытталган чечкиндүү кадамдары, стратегиялык ой жүгүртүү жана натыйжалуулук менен айкалышып, Кыргызстанды жаңы бийиктиктерге алып чыгууда. Кундус Кырбашеванын жетишкендиктери анын “2024-жылдын мыкты жетекчи айымы” наамына ээ болушуна негиз болуп, анын өлкө үчүн кылган эмгеги жогорку деңгээлде бааланды.
Кундус айымдын аракеттери жана демилгелери Кыргызстан үчүн жаркын келечектин пайдубалын түзүүгө өбөлгө болууда.