Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети – «Береке курулуш компаниясы» ЖЧКнын директору «С.У.Ч.» («Кыргызстан» саясий партиясынан КР Жогорку Кеңешинин мурдагы депутаты) өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча кармалгандыгы жөнүндө маалымдайт.
Тактап айтканда, 2019-жылдын 4-апрелинде «С.У.Ч.» менен «А.А.»нын ортосунда көп кабаттуу турак үй куруу жөнүндө үлүштүк катышуу келишими түзүлгөн. Келишимдин алкагында «А.А.» курулуш үчүн Ош шаарынын аймагынан 45 сотук жер тилкесин берген.
Келишимдин шарттарына ылайык, курулуш компаниясы курулуп жаткан көп кабаттуу турак жайдын жалпы аянтынын 2750 чарчы метрин курулуш иштери аяктагандан кийин «А.А.»га өткөрүп берүүгө милдеттенген. Бирок «С.У.Ч» өзүнүн таасирин пайдаланып, келишимдик милдеттенмелерин аткарбай, жер тилкесин өзүнүн атына мыйзамсыз каттатып алган.
Жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, «С.У.Ч.»га карата КР КЖК 209-беренесинин, 4-бөлүгүнүн, 1-пункту (өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча айып тагылып, анын баш коргоо чарасы тергөө иштери аяктаганга чейин камакка алуу түрүндө тандалып алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.