Никол Пашинян кайрадан Армениянын премьер-министри болуп дайындалды

Армениянын президенти Ваагн Хачатурян өлкөнүн Конституциясынын 149-беренесине ылайык Никол Пашинянды премьер-министр кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу АРКА маалымат агенттиги кабарлады.

Буга чейин парламентте көпчүлүктү түзгөн «Жарандык келишим» партиясы өкмөт башчылыгына Никол Пашиняндын талапкерлигин президентке расмий түрдө сунуштаган.

Ошол эле күнү IX чакырылыштагы Улуттук жыйындын иши башталганына байланыштуу Пашинян өкмөттүн отставкасы тууралуу арыз берип, президент аны кабыл алган. Жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин министрлер кабинети өз милдеттерин аткарууну улантат.

Никол Пашинян Армениянын премьер-министри кызматын 2018-жылдын май айынан бери аркалап келет.

3 Август 2026 жыл 10:48
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча