Нурланбек Тургунбек уулу «75чилердин катына тиешеси жоктугун» айтты

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу “75чилердин катына” такыр тиешеси жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы процесске кирип баратып журналисттерге билдирди.

“Мен ал катты көргөн да, окуган да эмесмин. Ал учурда Түркияда иш сапарда жүргөм. Бирок ал колдон колго эмес, каттар бөлүмү аркылуу эле келген”, — деди Тургунбек уулу.

Ал журналисттин: “Сиз кат тууралуу такыр билген эмессизби?”, — деген суроосуна: “Таптакыр, эч кандай”,-деп жооп берди.

.

28 Май 2026 жыл 16:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча