Нурланбек Тургунбек уулу кайрадан Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын төрагасы болуп шайланды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында 87 депутаттын ичинен 84 депутат «макул», 3 депутат «каршы» добуш берди.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарынан турган 5 депутаттык топ парламенттин төрагалыгына талапкер катары Нурланбек Тургунбек уулун сунушташкан.

Ошондой эле буга чейин 5 топтун депутаттары лидерлерин жана спикер шайлоодо эсеп жүргүзө турган депутаттык комиссиянын мүчөлөрүн шайлашкан.

Белгилүү болгондой, Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамына ылайык, депутаттардын ыйгарым укуктары парламенттин алдында ант берген бүгүнкү күндөн тартып башталат.

Ал эми парламенттин мындан аркы иш тартиби Конституцияга жана Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамына ылайык жүргүзүлмөкчү.

17 Декабрь 2025 жыл 15:31
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча