Балыкчы шаарынын жаңы мэри болуп дайындалган Баатырбек Жантаев тууралуу Президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков өзүнүн пикирлерин социалдык тармакта жарыялады.
«Мен аны көп жылдан бери чарба иштеринде бышкан, мыкты менеджер катары тааныйм», — деди ал.
Орунбековдун айтымында, жаңы мэр элдин ишенимин актай турган кадрлардын катарынан болуп, аны Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев тарбиялап чыккан. Ал уюштуруучулук жана чарбалык иштерде бышкан, динамикалуу иштөөгө жөндөмдүү адис экенин кошумчалады.
«Баатырбек Жантаев дагы азыркы Иш башкаруучу кандай ыкчам иштеп жатса, андан кем калышпай иштей турган кадр. Тажрыйбасы мол, энергиясы ашып турган чак», — деп белгиледи Орунбеков.
Ошондой эле ал Жантаевдин аймактык саясатка да ылайык келерин жана ал Өзгөн районунан экенин кошумчалады.