Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 175 “Саясий мамлекеттик кызмат орундары, атайын мамлекеттик кызмат орундары жана саясий муниципалдык кызмат орундары жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун 8-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 88-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык этика ченемдерин аткарбагандыгы түрүндөгү жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын мэри Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичке катуу сөгүш берилди.