Парламенттик шайлоо. Талапкерлигин койгондордун саны 531ге жетти

28-октябрга карата 531 талапкер Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз тапшырды.

Боршайкомдон маалымдашкандай, арыздарды кабыл алуу эртең, 30-октябрда аяктайт.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтөт. Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрда башталат.

Алдын ала тизмеге 4 млн 287 миңден ашык шайлоочу кирген.

Шайлоону утурлай өлкө боюнча 2492, чет өлкөлөрдө жалпы 91 шайлоо тилкеси түзүлдү.

29 Октябрь 2025 жыл 11:06
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча