Президент Садыр Жапаров менен Кыргызстандын Германиядыгы элчиси Өмүрбек Текебаев жолукту. Бул тууралуу Текебаев өзү соцтармактагы баракчасына жазып, сүрөтү менен бөлүштү.
“Биз Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен «Династия, металл, ат» аттуу эмгегибиздин негизги идеяларын талкууладык.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Евразия көчмөндөрүнүн институционалдык өзгөчөлүктөрү — генеалогиялык түзүлүш, металлга негизделген технологиялык артыкчылык жана ат аркылуу камсыздалган мобилдүүлүк сыяктуу фундаменталдык факторлор кеңири каралды.
Ошол эле контекстте лидерликтин жана бийликтин табияты тууралуу да пикир алмашуу болду. Көчмөн коомунда бийлик жөн гана үстөмдүк эмес, ал жоопкерчиликке, легитимдүүлүккө жана коомдук макулдукка негизделген институт катары калыптанганы белгиленди.
Бул талкуу өткөндү түшүнүү менен келечекти куруунун ортосунда терең байланыш бар экенин дагы бир ирет айгинеледи”,-деп жазды Текебаев.