Өлкө башчы Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сөз сүйлөдү. Анда ал дүйнөдө болуп жаткан негизги көйгөйлөргө токтолуп, карапацым адамдар кырылып, адам укуктары бузулуп жатканын айтты.
Президент Садыр Жапаров: Палестинанын, Украинанын, Судандын, Сириянын жана башкалардын азап чегип жатканына көз жумуп коё албайбыз, ал жерлерде согуштук аракеттер уланып, карапайым адамдар кырылып, адам укуктары бузулууда.
Дүйнө коомчулугу өзүнүн өзүмчүл геосаясий кызыкчылыктарына таянып, аталган чыр-чатактарга “мунусу көбүрөөк, ал эми тигиниси азыраак маанилүү” деген принцип менен мамиле кылып, кош стандарттуу ыкманы колдонууда.
Украинада дээрлик төрт жылдан бери жаңжал уланып, адамдар өлүп, жарандары өлкөдөн качып чыгууда.
Биз АКШ Президенти Дональд Трамп менен Россия Президенти Владимир Путиндин Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга багытталган аракеттерин жана чечимдерин колдойбуз.