Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Нарын облусуна иш сапар менен барат.
Мамлекет башчысы аймактын тургундары менен жолугушуп, ири инфраструктуралык, турак жай жана социалдык долбоорлордун ишке ашырылышы менен таанышмакчы.
Мындан тышкары Президент жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин Нарын облусунун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан ары өнүгүү келечеги тууралуу маалыматын угат.