Путин мигранттарга карата жаңы мыйзамдарга кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин өлкөдөгү мигранттарга карата талаптарды катаалдаштырган жаңы мыйзамдарга кол койду.

Бул мыйзамдагы эң негизги өзгөрүүлөр төмөнкүлөр:

Балдардын өлкөдө жүрүү мөөнөтү. Мындан ары мигранттын баласынын Россияда мыйзамдуу жүрүү убактысы ата-энесинин патентинин мөөнөтүнө түздөн-түз байланыштуу болот. Эгер патенттин мөөнөтү узартылбаса же ал жокко чыгарылса, ата-энеси балдары менен бирге 15 күндүн ичинде Россиядан чыгып кетиши керек. Ал эми бала 18 жашка толгондон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө же өзүнчө патент алууга милдеттүү.

Кирешени тастыктоо талабы. Чет элдик жарандар өлкөдө белгиленген өлчөмдөн аз эмес киреше таап жатканын далилдеп турушу шарт. Эгер мигранттын айлыгы эң төмөнкү көрсөткүчтөн аз болуп калса, анын иш берүүчү менен түзгөн келишими токтотулуп, Россияда жүрүү мөөнөтү азаят. Бул процессти көзөмөлдөө үчүн Салык кызматы менен Социалдык фонд мигранттардын кирешеси жана жумушу тууралуу маалыматтарды Ички иштер министрлигине берип турат.

27 Июль 2026 жыл 17:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча