Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Борбор Азия өлкөлөрүнө биргелешкен мунай иштетүүчү завод курууну сунуштады.
Бул тууралуу ал Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунда жана Азербайжандын президентинин катышуусундагы саммитте билдирди.
Рахмондун айтымында, дүйнөлүк жана аймактык энергетика рыногундагы чыңалуу Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизүүдө. Ушуга байланыштуу ал аймак өлкөлөрүнө биргелешкен мунай иштетүүчү завод куруу демилгесин көтөрүп, тиешелүү мамлекеттик органдарга бул маселени иштеп чыгууну сунуштады.
Анын белгилешинче, долбоор ишке ашырылган учурда биринчи кезекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички күйүүчү майга болгон муктаждыгын камсыз кылууга басым жасалышы керек.