С. Жапаров: “ Тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым.

Президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди эмне үчүн кызматтан алганын түшүндүрдү.

“Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн «ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар» дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан.

Алар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, “генерал тарапка өткүлө” деп парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташкан.

Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору”,-деп айтты С.Жапаров.

13 Февраль 2026 жыл 10:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча