Садыр Жапаров: Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбейт, бирок дос бойдон калабыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев мындан ары мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирди. Бул тууралуу ал Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Президенттин айтымында, Камчыбек Ташиев менен болгон мамилеси өзгөргөн жок жана алар дос бойдон кала беришет.

«Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчысы Камчыбек Ташиев менен жолукканын жана ага ден соолугуна көңүл буруп, эс алуусун сунуштаганын белгиледи.

Президент мындан тышкары өлкөдө уюшкан кылмыштуу топтор жоюлганын жана криминал менен коррупцияга каршы күрөш мындан ары да улантыла турганын баса белгиледи.

Анын айтымында, өлкөдө бөлүнүүгө жол берилбейт жана жүргүзүлүп жаткан реформалар толук улантылат.

16 Февраль 2026 жыл 12:00
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча