Саясат талдоочу: “Ташиевдин кызматтан алынышы жакындап келаткан, күтүлгөн нерсе болчу”

Ташиевдин кызматтан алынышы жакындап келаткан, күтүлгөн нерсе болчу. Бул тууралуу саясат талдоочу Эмил Жураев социалдык баракчасына жазды.
“ Шайлоо жакындаган сайын, Конституциянын алкагында талашка түшкөн шайлоо мөөнөтү маселеси ал чечимди дагы шаштырды. Бирок, кантсе де, эртеби, кечпи, мындай чечим орун алмак. Эки достордун достугу канчалык бекем болбосун, саясатта — өзгөчө мындай эң жогорку денгээлдеги саясатта — мындай тандемдин өз мөөнөтү болот, узун эмес, кыска болот каадасынча. Беш жылдан ашкан тандем — өтө узак, бекем тандем болду.
Мындан ары, ар кандай варианттар баары ачык, мүмкүн. Тилекке каршы, достук достук бойдон кала берүүсү күмөн. Бирок, бул саясий объективдүү кубулуш, буга кайгыруу керек эмес. Эң негизгиси — эки тарап тең жоопкерчилик менен, ар кандай тобокелчиликтерди эске алып, ырааттуу, конструктивдүү түрдө бул эпизоддон ары чыгып кетүүсү зарыл. Өздөрү — так ушул экөөнүн тандем күчү менен — орноткон, жетишкен стабилдүүлүктү бекем кармоого биринчи орунда кызыкдар болуусу зарыл.
Эки лидерге тең баа берүүчү убакыт келет. Бүгүн эмес. Көп жетишкендиктер болду, аны токтоосуз кубулжутуп айтып жатабыз, акыркы кездерде такыр эле токтоосуз, шайлоо толугу менен башталган сыяктуу. Кантсе да, эң орчундуу, салмактуу, системдүү жетишкендиктер так ушул «экидос бийлиги» делген, тандем күчү менен болгондугун моюнга алуу зарыл. Кемчиликтер — алар дагы, көбүнесе ушул бийлик формуласынын жыйынтыгы, табияты болду.
Кемчиликтер, аша чабуулар, суроо туудурган маселелер көп. Аларды азырынча, ушул азыркы учурда айта киришүү менимче конструктивдүү болбойт. Эң негизги кооптуу нерсе — сырттан бизге кызыкдар, өз кызыкчылыктарын көздөгөн күчтүү, салмактуу тараптарга эшик ачып, жем болуп бербейли. Кандай гана болбосун, өзүбүздө, өлкө ичинде, жоопкерчилик менен чечип алалы.
Ушу тапта айтса болчусу ушул. Калганын бара-бара көрөбүз. Эки дос өздөрү деле жакын арада кененирээк ой бөлүшсө керек”,-деп жазды Жороев.

11 Февраль 2026 жыл 10:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча