Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын каттады, — деп билдирди журналисттерге комиссиянын төрагасы Тынчтык Шайназаров.
Ал токтомго ылайык БШК 87 депутатты каттаганын маалымдады. Ушул токтомдун негизинде депутаттардын күбөлүктөрү жана төш белгилери берилет. Бул иш-чара 17-декабрда парламенттин имаратында өтөт.
«Мен шайлоо элибиздин, өлкө жетекчилигинин, министрлер кабинетинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын, мамлекеттик администрациялардын кызматкерлеринин жана журналисттердин колдоосунун аркасында жогорку деңгээлде өттү деп ишенимдүү түрдө айта алам. Баарыбыз мыкты жыйынтыктарга жетиштик, буга өлкөнүн эч бир жеринде калк арасында да, кызыкдар адамдар же шайлоо процессинин катышуучулары арасында да нааразычылык акциялары болбогондугу далил боло алат», — деди БШК башчысы.
Шайназаров ошондой эле БШКнын имаратына же округдук шайлоо участокторунун имараттарына нааразы болуп эч ким келбегенин белгиледи.
«Эл бул шайлоо системасын кабыл алып, шайлоонун сапатына оң баа берди. Бул шайлоо мыйзамдарына ылайык ачык, айкын жана таза өттү дегенди билдирет», — деп кошумчалады ал.