Мамлекет башчыбыз Садыр Жапаров жана жогорку жетекчилик инвесторлорду тартуу боюнча чоң максаттарды коюп, өлкөгө инвестиция агымын күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруп келет. Бирок тилекке каршы, айрым райондордо жана облустарда иш алып барган мамлекеттик кызматкерлер алиге чейин эскиче иштөө ыкмасынан, ашыкча бюрократиядан толук арылбай жаткан фактылар бар. Инвесторлорго шарт түзүүнүн ордуна, кагаз иштери менен создуктуруп, жоопкерчиликтен качкан учурлар да кездешет.
Ушундай кемчиликтерди болтурбоо үчүн МинКаб Жетекчиси Адылбек Касымалиев жергиликтүү жетекчилер менен дайым онлайн жыйындарды өткөрүп, багыт берип, тапшырма түшүрүп турат.