Спикер: Депутаттар 100-150 миң сом айлык алышат

Жогорку Кеңештин депутаттары айына 100-150 миң сом айлык алышат. Бул тууралуу парламент төрагасы Марлен Маматалиев «Акчабар» басылмасына берген маегинде айтты.

Анын айтымында, ар бир депутатка 80 миң сом өлчөмүндө фонд каралган. 

«Бул каражатка кеңсе буюмдары жана өкүлчүлүк чыгымдар кирет. Депутаттар ушул фонддун эсебинен айдоочуларды да жалдай алышат», — деди спикер. 

4 Март 2026 жыл 12:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча