Султан Кермалиев Балыкчы шаарынын мэри кызматынан бошотулду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 47-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри Кермалиев Султан Шарипканович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

14 Июль 2025 жыл 12:39
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча