Сыдыков: «Мен ишенем — чындык сөзсүз айтылат! Ким кандай максатта мындай иштерге барганын ачыктаган күн келет»

“Жеңишке жеттим. Бирок тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жаадырып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти…”. Бул тууралуу №13 округдан талапкер болгон Бакытбек Сыдыков социалдык тармактагы баракчасына жазды. Белгилүү болгондой, аталган округда парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Урматтуу мекендештер!
Ардактуу кыргыз элим!

Биздин ата-бабалар каны-жаны менен сактап, муундан-муунга өткөрүп берген жалгыз мамлекетибиз бар — бул биздин ыйык Кыргызстаныбыз!

Миңдеген жылдык улуу тарыхка ээ элибиз бар — бул кыргыз эли, бул көп улуттуу Кыргызстан эли!
Биздин ыйык парзыбыз — келерки муундарга өнүккөн, туруктуу, тынч, ынтымактуу, адилеттүү, демократиялуу Кыргызстанды өткөрүп берүү.
Бүгүн Кыргызстанда көптөгөн жакшы реформалар, чоң өзгөрүүлөр жүрүүдө.
Анын көрүнүктүү бир мисалы — заманбап технология менен өткөн парламенттик шайлоо.
Мен да элиме, мамлекетиме кызматымды улантуу үчүн бул жарышка катыштым.

Күрөш таза жана калыс болду.
📌 19 000 ден ашуун добуш алып,
📌 Жалпы өлкө боюнча эң көп добушка ээ болгон талапкерлердин арасынан үчүнчү орунга чыгып,
📌 Жеңишке жеттим
Бирок тилекке каршы, айрым атаандаштарым ар кандай ыплас ыкмалар менен каралоолорду жаадырып, БШК аркылуу мени жеңиштен четтетишти…
Кыргызда айтылат: «Кыныр иш кырк жылда билинет».
Мен ишенем — чындык сөзсүз айтылат! Ким эмне үчүн, кандай максатта мындай иштерге барганын ачыкталган күн келет.

Урматтуу кыргыз элим, шайлоочуларым!

Мени колдогон, добуш берген, ишеним арткан, күнү-түнү жанымда турган бардык мекендештериме жана командама чоң таазим жана терең ыраазычылык!
Эч кандай күмөн болушу мүмкүн эмес: мен кайда болбоюн — Парламентте, мамлекеттик кызматта же жеке ишкерликте — Кыргызстаныма өмүр бою кызмат кылгам, кызмат кылып жатам жана кызмат кыла берем!

Мен урматтуу Президентибиздин жана Өкмөтүбүздүн элибиз үчүн жасаган реформаларын дайыма колдоп келгем жана мындан ары да колдойм.
Мен ар дайым элиме кызмат кылууну жеке кызыкчылыктан жогору коюп келгем деп так кесе айта алам, себеби, мен үчүн Мекенге кызмат кылуудан артык дөөлөт-байлык жок!
Эң негизгиси:
Мамлекетибизде тынчтык болсун!
Элибизде ынтымак болсун!
Жүрөктө ыйман жана өлкөбүздө өнүгүү болсун!

Урматтоо менен, уулуңар Бактыбек Сыдыков.

4 Декабрь 2025 жыл 18:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча