Энергетика министри Ибраев Таалайбек Өмүкеевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Анын ордуна Алтынбек Рысбеков министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун 10-июнда “Ынтымак ордо” билдирди.
Белгилей кетсек, Таалайбек Ибраев азыркы бийликтин тушунда министрлик кызматта узак убакыт иштеген чиновниктердин бири болуп калды. Ал энергетика министри болуп 2022-жылдын октябрь айында келген.