
Талас облусунда чоң спорттук майрам болду. Анда аймактын тарыхында алгачкы жолу эл аралык деңгээлдеги “Манас деми” жарым марафон өтүп жатат. Чуркоону “Альянс алтын” компаниясы менен Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлү уюштурган.
Жарым марафонго дээрлик миңден ашык жаран катталган. Жергиликтүү тургундардан тышкары Казакстан, Кытай, Россия жана башка өлкөлөрдөн келген спортчулар дагы бар. Ал эми жалпы жалпы байгеге “Альянс алтын” компаниясы 1 млн сом бөлүнгөн.