Ташиев: “Бирөөңөр да бир дагы ишкерди текшербешиңер керек”

2026-жылдын 1-январынан тартып ишкерлерди текшерүү токтотулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-декабрда Таш-Мойнок айыл аймагында атайын кызматтын “Кызыл-Белес”эс алуу комплексинин ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди. Анда Ташиев текшерүүлөр мыйзам бузгандарга гана колдонуларын айтты.

«Негизинен биз ишкерлерге жардам беришибиз керек. Мен баарыңыздардын алдында тапшырма коюп кетем. Эмдиги жылдан, 2026-жылдын 1-январынан баштап укук коргоо, коопсуздукту сактоо органдары, бирөөңөр да бир дагы ишкерди текшербешиңер керек. Ишкерлерди текшерүүнү токтотобуз. Ишкерлерге экономикалык чоң эркиндикти беришибиз керек. Туура, ошол эле ишкерлердин арасында салык төлөбөгөн, аткезчилик менен иштеген, мыйзамдарды олуттуу бузгандар болушу мүмкүн. Аларга биз даана-даана иштешибиз керек. Ал эми калган бир дагы ишкерлерди текшербешиңер керек».

24 Декабрь 2025 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча