Акыркы 5 жылда коррупциялык элементтерге каршы күрөшүүнүн натыйжасында 300 млрд сомдон ашык акча каражаттары жана мал-мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына берген интервьюсунда билдирди.
Анын айтымында, миңден ашык ар түрдүү ишкана, мекеме, объектилер, 30 миң гектардан ашык жер кайра мамлекеттин менчигине кайтарылган.
“Эмне үчүн Кыргызстанда ушунчалык чоң масштабдагы коррупция болуп кеткен деген суроо жаралат. Мында негизги маселе мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, талап — тоноо аркылуу жемкорлук башталганы белгилүү”,- деди Ташиев.