Ташиев келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн төлөп, үй камагына чыкты

Шайырбек Ташиев мамлекетке келтирилген зыяндын негизги бөлүгүн төлөгөнүн ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

«Бул жагдайды эске алуу менен сот тарабынан ага карата мурда тандалган баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү», — деп кошумчаланды.

КРдин Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.

1-апрелде Шайырбек Ташиев кармалганы белгилүү болгон.

Тергөөчүлөрдүн маалыматы боюнча, «Кыргызнефтегаз» ААК жана «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын кызмат адамдары күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу боюнча коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Мунун кесепетинен мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө — 4,1 млрд сомдон ашык зыян келтирилген, анын ичинде алынбай калган киреше жана төлөнбөгөн салыктар да бар.

«Кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу жана мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө аракеттери уланууда. Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иши сотко жиберилет», — деп кошумчалашты ИИМден.

28 Июль 2026 жыл 9:05
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча