Бардыгын камагыла!Ташиев Сокулукка барып, айыл өкмөт башчыны камоону тапшырды (Видео)

Бүгүн, 16-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүндө сейил бакты куруудагы сапатсыз жумуш жана акчаны максатсыз пайдалануу маселеси боюнча жеринде таанышып чыкты.

Жергиликтүүлөр менен болгон жолугушуунун алкагында айыл өкмөтүнүн башчысы, жумуш аткаруучулар жана техкөзөмөл кызматкерлери камакка алынды.

«Айыл өкмөтүнүн башчысы катары сен президенттин кайрылуусун да жакшы караган эмессиң. Анда «эгер мамлекеттин акчасын туура эмес пайдаланып, жеп кое турган болсоңор биринчиден 10 эсе кайтарып, экинчиден түрмөгө отурасыңар» деп жазылып турат. Бардыгын камагыла, алып кеткиле«, — деди Камчыбек Ташиев. 

16 Июль 2025 жыл 10:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча