Бир жылга берилген баа
✓ Сосновка жана Кара-Көл постторуна видеобайкоо камералары орнотулду. Натыйжада төлөм чогултуунун көлөмү өстү.
✓ Жолдорду курууга жана кармоого өзгөчө басым жасалып, бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө.
2023-жылы аткарылып жаткан чоң долбоорлор:
— Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолу,
— Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду,
— Ош-Баткен-Раззаков,
— Түндүк-Түштүк,
— Маданият-Жалал-Абад
— Нарын шаарынын 44 көчөсүн асфальттоо жб…
Жалпылап айтканда, былтыр 382,5 чакырым жолго асфальт төшөлсө, быйыл 393 чакырымдан ашык жолго асфальт жаткыруу пландалган.
✓ 2023-жылдын апрель айында ортомчусуз, ыңгайлуу баада орусиялык заводдон битум сатып алууга келишим түзүлдү.
✓ Түркмөнстан аркылуу жүк ташуу үчүн порттук кызмат көрсөтүүлөр жаатында сүйлөшүүлөр жүрдү.
✓ 18-майда Кытайдын Сиань шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кийинки кадамдарды караган үч тараптуу документке кол коюлду. Учурда долбоор активдештирүү стадиясында.
✓ Биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 265 даана жол куруу техникасы сатып алынды.
✓ Транспорттук көзөмөл күчөтүлүп, өлкө казынасына түшкөн каражаттын көлөмү көбөйдү. Алсак, быйыл 9 айда бюджетке 45млн сомго чукул каражат чегерилди, бул 2022-жылга салыштырмалуу 2 эсеге көп.
✓ Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы (туташтырылышы) аяктады. Учурда бекемдөө иштери уланууда.
✓ Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннель реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлдү.
✓ Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында жайгашкан көчкүдөн коргоо галереясы пайдаланууга берилди.
✓ «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» жана «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальтоо иштери жүрүп, жумуштар дээрлик бардык аба майдандарында жыйынтыкталды.
✓ Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол белгилерин сапатына басым жасоо менен өзү чыгара баштады.
✓ Жакынкы жол тейлөө ишканаларынын байланыштары, жолдордун абалы тууралуу маалыматтарды камтыган жол картасы ишке киргизилди.
✓ Joldor.gov.kg картасында туристтер үчүн бардык кызыктуу жерлер, жакшы мейманканалар, күйүүчү майдын баасы белгиленген, ошондой эле өлкөнүн бардык ашууларында аба ырайын текшерүүгө болот.
✓ Министрликтин борбордук аппаратына 90 компьютер алынды. Техникалар акыркы он жылда алгачкы ирет жаңыланды.
✓ Ведомствонун унаа токтотуучу жайы асфальтталды.
✓ Транспорт жана коммуникациялар министрлиги биринчилерден болуп велосипед токтоочу жайды орнотуу боюнча эстафетасын баштады.
Албетте жогоруда аталган иштин баарыПрезидент Садыр Жапаровдун колдоосу мененишке ашууда.