“Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес”. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиев социалдык баракчасына жазды.
Урматтуу мекендештер!
Биздин үй-бүлөгө карата жалган жалаа жабуу, каралоо аракеттери улантылып жаткандыгына байланыштуу, кайрадан түшүндүрмө берүүгө туура келип турат.
Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми Молл” соода борборун менин апамдын жакындарына өтүп кеткен…” деген негизде президент Садыр Жапаровго кайрылыптыр.
Мен баса белгилеп айтаар элем, бул маалымат карандай калп! Мамлекетке кайтарылган бир дагы объект, ал эмес бир топчу дагы биздин үй-бүлөгө өткөн эмес! Муну Абдыкеримов дагы, жана башка бардык ошол сыяктуу мүлкү мамлекетке кайтарылган ишкерлер, адамдар, коомчулук баары так билиши керек. Эгер шек саноолор же ишенбөөчүлүктөр болсо, тийиштүү комиссия түзүп, бардык кайтарылган мүлктөр боюнча дыкат текшерип чыгышса болот. Андай текшерүү — бүгүн абдан караланып, куру дооматтар айтылып жаткан биздин үй-бүлөбүз үчүн да чоң мааниге ээ. Ошондо, мамлекетке кайсыл мүлктөр өткөн, канча баага кайра кимдерге сатылган же кимдерге өткөнүн элибиз да так билмек.
Дагы бир жолу айтайын, менин атам, урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич жана биздин үй-бүлөбүз мамлекетке кайтарылган мүлктөрдүн БИР ТЫЙЫНЫНА дагы киришкен эмес жана өткөрүп алган эмес. Алар мамлекетке өткөрүлүп гана берилген. Андан ары кандай пайдаланылганын билгиси келген адамдар, журналисттер, активисттер, коомчулук иликтеп, тактап чыкса баары түшүнүктүү болот.