
Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 11-июнда Кыргызстандын АКШдагы жаңы дайындалган элчиси Айбек Молдогазиевдин ишеним грамотасын кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 17-июнда маалымат таратты.
Анда элчи президент Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, өз ара кызыкчылык жараткан бардык багыттар боюнча кыргыз-америка кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин билдирген.
“АКШнын президенти Дональд Трамп жалпы күн тартибин алдыга жылдыруу, өлкөлөр ортосундагы бекем жана туруктуу достук мамилелерди тереңдетүүгө өз ниетин белгиледи”, — деп жазылган билдирүүдө.